www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиядагы Гуджарат штатында дарыгер, кызуу абалында операция жасаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу AsiaOne билдирет.
22 жаштагы айымды толгоосу башталганда ооруканага жеткиришкен. Аны кесарево ыкмасы менен төрөттүрүүнү чечишкен. Операциядан соң айымдын туугандарына баланын набыт болгонун билдиришкен. А жаш эне төрөттөн кийин катуу кан жоготууга учураган. Аны жеке ооруканаларга жиберишкен, бирок, ага жетпей жолдо каза болгон.
Операцияны 15 жылдык стажга ээ болгон тажрыйбалуу врач жасаган. Оорулуу каза болгон соң, анын туугандары мага асылышпасын деп милиция чакырган. Келген милициялар дарыгердин дем алуусун атайын аппараттар менен текшерип, анын мас абалда болгонун аныкташкан жана камоого алышкан.
Учурда өлүмдүн себептери изилденип, тергөө иштери улантылууда.
Булак: NazarNews.kg