www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда акыркы убакта Кытайдагы биздин мекендештерибиздин арыз-муңун угуп, аларга жардам көрсөтүү боюнча “Кытайдагы кыргыздарды коргоо” комитети түзүлдү. Алар коңшу өлкөдөгү кыргыздардын көйгөйүн бийликке, коомчулукка жеткирүү үчүн 29-ноябрда жыйын өткөрүштү.

Жыйынга Кытайдан келген, азыр ЖОЖдо студент болуп Кыргызстанда билим алып жаткан Жусуп Малик уулу Кытайдагы туугандарынын сүрөтүн көтөрүп келди.

Анын айтымында, атасы Малик, агасы Амантур жана жеңеси бир жылдан бери абакта жатат. Кытай бийлиги алгач атасы менен байкесин кармап кетип, кийин жеңесин камашкан экен. Айласы куруган Жусуп алар жөнүндө жакындан тарта эле ачык айтууга өткөн.

- Менин атам ошол жакта. Кытайда туулган, 72 жашка чыгып калды. Ошол улгайып калган адамга учурда кытай тилин үйрөтүп жатышыптыр. Ошондой эле, Кытайда 1988-жылы туулган агам Амантур, 1991-жылкы жеңем дагы лагерде кармалып турат. Акыркы жолу жеңем менен "вичаттан" байланышкам. “Лагерге алып кетти, эмне себептен, качан чыгат билбейбиз, байланыша албай жатабыз” деген. Биз карапайым эле үй-бүлөбүз. Атам дыйкан, агам шоопур, жеңем болсо үй кожойкеси эле. Интернетте "биринчи чет өлкөгө чыгып келгендерди, динге байланышы барларды кармаптыр" деп жазып жатышат. Биз мурдатан эле мусулманчылыкты карманып келгенбиз, аксакалдар намаз окуйт. Башка эч нерсеге байланышыбыз жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости