www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектиктердин сүймөнчүгүнө айланган «Мен Бишкекти сүйөм" аттуу инсталляциясы кайрадан өз абалына келээрин мэриянын пресс-катчысы билдирди.

Берилген маалыматка караганда, «Линдл» ЖЧКсы аталган инсталляцияны даярдап чыккан. Аны кайрадан мурунку абалына келтирүү үчүн 60 миң сом каражат жумшалаарын билдирди. Муну бузуп, талкалаган адамдын туугандары айыпты толугу менен төлөп беришти.

Эске салсак, аталган инсталляция 15-ноябрда белгисиз адам тарабынан бузулган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында  кылмышкерди Ленин районунун ИИМ кызматкерлери кармашкан. Ал Нарын областынын 1991-жылкы тургуну экендиги аныкталды, учурда №1 Бишкектин СИЗОсунда камакта. Ага Кылмыш-жаза Кодексинин "Атайлап башка бирөөнүн мүлкүн талкалоо" боюнча иш козголду.

Жазгүл Урмамбетова,

Булак: NazarNews.kg

Последние новости