www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Грузиянын жаңы шайланган Президенти Саломе Зурабишвилини шайлоодогу жеңиши менен куттуктады деп билдирет президенттик аппараттын маалымат кызматы.

«Грузиянын Президенти болуп шайланышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Сиздин тажрыйбаңыз Грузиянын мындан ары дагы экономикалык гүлдөп өсүшүнө жана эл аралык аренада кадыр-баркынын жогорулашына түрткү берет деп терең ишенем.

Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы достук жана өз ара кызматташтык Сиздин жеңишиңиз менен жаңы деңгээлге чыгат деген жакшы тилектемин.

Сизге бекем ден-соолук жана бакубаттык, ал эми достук мамиледеги Грузия элине тынчтык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчынын куттуктоо телеграммасында.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости