www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мас киши тез жардам кызматынын дарыгерине кол салды

Ичимдик ичип алган адам тез жардам дарыгерине кол салды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта журналисттерге Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-июлда тез жардам бригадасы дагы бир чакыруу үчүн жөнөп кеткен. Мас абалындагы жаранды наркологиялык клиникасына алып барыш керек болчу. Бирок 1994-жылы туулган Б.Т., каршылык көрсөтүп, дарыгердин бетине урган. Ал жаракат алган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 145-беренеси (“Өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу“) боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүш башталды.

“Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш иши сотко жөнөтүлөт”, – деди басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости