www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жыл соода тармагындагыларга негизи 2 кыйынчылык турат. Мындай пикирин бүгүн, 14-августта NazarNews.kg маалымат агенттигине айтымчы, Света Тойгонбаева билдирди. 

-2020-жыл оңой жыл болбойт. Кыргызстанды бир топ кыйынчылык торуйт. Өзгөчө базар, соода тарабындагыларга кыйынчылык жараткан жыл болот. Акчанын баркы кетет. Ошондой эле карапайым элдин арасында дагы жакырчылыктын сазына баткандар көбөйө баштайт. Табигый кырсыктар да болуп турат. ГЭСтеги суунун аздыгы да чоң көйгөй  жаратат. Эл дагы пейилин оңдоп, ниетин түздөш керек. Болбосо каатчылык мындан да узарып кетиши мүмкүн. Элдер чогулуп түлөө кылып, жараткандан кечирим сурашы зарыл.

“Кыргызстанда эки чоң өзгөрүү болот”

Кыргызстанда эки чоң өзгөрүү болот. Бири бийлик тарапта, экинчи көп адамдарга кандайдыр бир иштин кесепетинен жабыркашы мүмкүн деген аян келди. Эмнеси болсо да, Кудай сактасын. Жараткан жакшылыгын берсин деп тилек кылып туралы. Кыргызстанга чоң мамлекеттерден жардамдар келет. Ошол жардамдар элдин түйшүгүн бир топ жеңилдетет, деди ал. 

Кумара Сагыналиева, NazarNews.kg

Последние новости