www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева 4-октябрда боло турчу шайлоого катыша турганын билдирди.

“Эки жумадай калды, сураныч чыдап туруңуздарчы. Ким кайсы партияга, кимдер менен, эмне себептен барганы жарыяланып, ачыкка чыгат. Съезддерде кандидаттардын тизмедеги катары билинип, партия ичинде бир сыйра ызы-чуу болот. Андан кийин, октябрда, добуш алып албагандардын ортосундагы концерттер, болочок депутаттардын “мамой клянусь” деп ант берген видеолоруна күбө болосуздар”, - дейт Элвира Сурабалдиева.

Ошондой эле, депутат 4-октябрда боло турчу шайлоого катыша турганын айтты.

“Шайлоого барайынбы, 15 партиядан сунуш түштү” деп фейсбуктан пост чыгарып, жоопкерчиликти бирөөгө оодаргандай адам эмесмин. Ооба, күзгү шайлоого катышамын. Беш жылда жакшы таанып, билип деле калгансыздар – өзгөрүлбөй, эл өкүлү катары ишимди улантып кете беремин”, - деп кошумчалады. Дегени менен бул депутат деле "лифтен мага тийишти", деп элге жакындан таанылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости