www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 57 жаштагы аялды “сенин балаң менин кызымды зордуктап коюптур, ошол себептен мен сенден өч аламын”, – деп зордуктаган. Бул тууралуу Жогорку соттун сайттына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, окуя 2020-жылдын 2-апрелине караган түнү танкы саат 04:00 чамасында Кара-Көл шаарындагы үйлөрдүн биринде болгон. Анда З.К. аттуу жаран 1963-жылы туулган К.З.Б. жалгыз жаткандыгынан пайдаланып, үйүнүн зал бөлмөсүндөгү айнегине тосулган темир торун бузуп кирип, бөлмөнүн чырагын атайын өчүрүп, “сенин балаң менин кызымды зордуктап коюптур, ошол себептен мен сенден өч аламын”, – деген шылтоо сөздөрдү айтып, З.К. кыйкырсаң ичиңе бычак сайып жиберем деп коркутуп, күч колдонуп зордуктап окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Бул факты боюнча А.у.Э. үстүнөн 161-беренинин 1-бөлүгү менен иш козголуп, кароо үчүн сотко жиберилген. Соттук териштирүүдө жабырлануучу К.З.Б. тосмо арыз берип, айыпталуучу экөө жарашып алгандыгына байланыштуу 12-майдагы токтом менен айыпталуучу А.у.Э. жазык жоопкерчилигинен бошотулуп, иш өндүрүштөн токтотулган.

Бирок жабырлануучу кайра апелляциялык даттануу мөөнөтүн калыбына келтирип берүү жөнүндөгү өтүнүчү менен кайрылып, анда А.у.Э. жөнүндө Кара-Көл шаардык сотунун 12-майда кабыл алынган токтомуна апелляциялык тартипте даттануу мөөнөтүн калыбына келтирип берүүнү сураган. Сот отурумунда жабырлануучу К.З.Б., соттун токтомун кечиктирилип 28-майда колуна почта менен алганын, токтомду юристерге көрсөтүп кеңеш алгандан кийин өзүнүн укугу бузулганын түшүнгөнүн токтомго апелляциялык тартипте даттануу келтирейин десе даттануу мөөнөтү өтүп кеткенин айтып жүйөөлүү себептер менен өткөн деп таап калыбына келтирип берүүнү суранган.

Сот, келтирилген өтүнүч боюнча жабырлануучунун пикирин угуп, иштин ичиндеги топтолгон материалдарды изилдеп, сот анын өтүнүчүн канааттандырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости