www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Таалатбек Масадыковдун “биринчи жана акыркы” маегинде айткан сөздөрү бийликтин туруксуздугуна доо кетирчү маанайга тете болду. Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары деген кызмат болгон эмес. Коопсуздук кеңешин президент өзү башкарып, төрагалык кылып келген. Азыр деле ошондой. Төрага орун басары кандай функцияны аткара турганы ачык боло элек, табышмак бойдон калууда.
Ошондуктан, Масадыков өзүнө так функция тагылганча үн катпай турганы дурус болмок. Президент менен макулдашпай туруп, өз алдынча кенен маек бергени дагы кызматтык этикасына туура келбей калды. Төраганын башын аттап өткөндөй болду. Масадыковдун тышкы жана ички саясат жөнүндө сүйлөгөн сөздөрүндө президенттин саясаты чабал жүрүп жатканкдай сүрөттөлдү. Айрыкча, коңшу өлкөлөр, стратегиялык өнөктөш мамлекеттер менен алака түзүүдө натыйжа жок дегени бүгүнкү саясатка карата согулган сокку болду.
Коопсуздук кеңешинин төрагасы болгон президент тышкы саясатта жылыштар болуп жатканын айтып жатса, анын орун басары башкача пикирди жаратты. Мамлекеттик жогорку кызматта кабыл алынган чечимдердин баары макулдашылып, расмий органдардын жана жогорку кызмат адамдарынын билдирүүлөрү бири-бирине карама-каршы келбеши керек. Масадыковдун айткандары таптакыр башка нукта жүрдү. Таалатбек мырза “саясий туткундардын баарын бошотуш керек” деп айтты.
Бирок, акыркы камоолорду азырынча “саясий туткун” же болбосо саясаттын курмандыгы деп атоого али эрте. Камалгандардын дээрлик көпчүлүгү коррупциянын ар кандай көрүнүштөрүнө, анын ичинде саясий коррупцияга айыпталгандар. Аларга карата соттун акыркы чечими чыга элек, ак-карасы иликтенип бүтө элек чак. Күнөөлөрү сот тарабынан гана аныкталып, акталып же болбосо кылмышына карата жазага тартылышат. Соттордун ишине мамлекет башчысы да, Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары да аралашканга акысы жок. Фемиданын өкүмүнөн кийин гана бул тема талкууга алынышы керек.
Андыктан, Масадыковдун соттун чечими чыга элек жатып “саясий туткун” деп салганы өз функциясынан аша чапкандык. Мамлекеттеги орчундуу маселелер Коопсуздук кеңешинин жыйынында каралып, чечим кабыл алынат. Кабыл алынган чечимдерди бийликтин баардык бутактары аткарууга милдеттүү. Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары ар бир структурага кеңеш айтып олтурчу адам эмес. Кеңеш айтуу анын функциясына дагы кирбейт. “УКМКнын төрагасы Ташиевге кеңеш берүүгө даярмын. Ал жабык орган. Медиага чыга бербеш керек” дегени, президенттин функциясын талашкандай эле туюлду.
Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары деген кызмат Россия Федерациясында бар, аны мурунку президент, мурунку премьер-министр Дмитрий Медведевь аркалайт. Медведевь бир да жолу Путиндин саясаты тууралуу ооз ачпайт. Анткени, этика ошондой. Же болбосо ФСБнын башчысы Александр Бортниковго “Кеңеш берүүгө даярмын… “Саясий туткундарды бошотуш керек…” деген сөздөрдү айтканын эч ким уккан эмес. Масадыковдун айткандары мамлекет башчысынын алдында туруп, президентке эмне кылуу керектигин көрсөтүү расмий этика нормаларын сактабоо болуп эсептелет.
Мындай кадам бийликтин ичинен иритүү катары сыпатталышы керек. Ансыз да, Ак үйдө Жапаров-Ташиев тандемин сындырып, өздөрүнүн таасирин күчөтүүнү көздөгөн күчтөр бар экени айтылып келет. Таалатбек Масадыковдун маегинин өзөгү ошондой аракеттердин кезектегиси болду окшойт. Президенттин тегерегин чырмоок чөптөй басып алгысы келгендер Ташиевди коомго жаман көрсөтүү менен убара. Ар кандай ушактар ошол тараптан чыгып жатканы деле белгилүү. Алардын көздөгөнү, элге ак кызматын өтөп, коррупция менен күрөшүп, таза коом курууга аракет жасап жаткан адамды ала салдырып, өздөрү эңсеген эски жолуна кайтып келүү.
Ошон үчүн “Ташиевдин кызматтык унаасы үчүн мамлекеттик казынадан 22 млн 761 миң сом бөлүнгөн. Экономика алсыз болуп турганда ушул керек беле?..” деген жалган маалыматтарды чыгарып, коомчулукка таратууда. Бирок, бүгүнкү чындык бирөө эле. Садыр Жапаров өз адамына окшоп колтугуна кирип, өзөктөн өрт чыгаргысы келгендердин бал тилине кирип, Ташиевден алыстаса, өз күнүнүн батканы. Ташиев дагы Садырдын колдоосу жок эч кандай жумуш аткара албайт. Экөөсү бири-биринен кол үзүшсө, бийликтин кулаганы. Кашкайган чындык ушу.
Булак: NazarNews.kg