www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү, ишкер Илон Маск АКШда "миллиардерлерге салык" киргизүү сунушун дагы бир жолу сынга алып, акчасын адамзатты Марска учууга жумшоону пландап жатканын айтты.

Washington Post гезитинин кабарчысы Твиттердеги баракчасына эгер демократтар сунуштаган “миллиардер салыгы” АКШда киргизилсе, Маск жана Amazon компаниясынын башкы директору Жефф Безос Марска башкарылган миссияны каржылоо үчүн жетиштүү акча төлөшмөк деп жазды.

Эске салсак, Илон Маска тиешелүү Тесла көп сандагы буюртмаларды алгандан кийин компаниянын баасы 1 триллион доллардан ашкан.  Учурда Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын алдынкы сабында турат.

"Миллиардерлерге салык"

Америкалык сенаторлор “миллиардерлерге салык” киргизүүнү сунушташты. Анын айтымында, сатылган же сатылбаган акцияларды кошкондо активдерден түшкөн кирешеге 23,8 пайыз салык салынат. Салык активдери 1 миллиард доллардан ашык же жылдык кирешеси 100 миллион доллардан ашкан 700гө жакын салык төлөөчүлөргө таасирин тийгизет. Муну өз кезегинде АКШнын мурдагы президенти, миллиардер Илон Маск сынга алды.

Фаррухжон Муродкулов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости