www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын сүйлөшүүлөрү жаздырылган аудио жазмаларга жасалган лингвистикалык экспертизанын корутундусу чыгып, алардын адвокаттарына тапшырылып жатат. Бул тууралуу маалыматты 5-февралда укук коргоочу Азиза Абдирасулова ырастады.
Анын айтымында, адвокаттар корутундунун жыйынтыгына жана процедуралык маселелерге нааразы болуп жатышат.
“Лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Экспертизанын жыйынтыгында кармалгандардын айрымдарынын сөзүндө “кылмыштын курамы бар”, айрымдарынын кебинде “кылмыштын курамы жок” деп берилиптир. Кимдердики кандай чыкканын, азыр айта алышпайт, себеби ишке “жашыруун” деген гриф берип коюшкан. Анын үстүнө адвокаттардын баары тыянакты колуна ала элек. Алгандары макул болбой, кайрадан башка экспертиза өткөрүүнү талап кылып жатышат. Ал боюнча өзүнчө соттук иш жүрүшү мүмкүн. Башка маселе, адвокаттарды тергөө абагына чакырып, корутунду менен ошол жерде тааныштырып жатышат. Бул мыйзамсыз болуп саналат. Себеби, тергөөчү эч качан абак жайына кирбеш керек. Тергөө абагына адвокаттарды телефону жок киргизет, алар ишти тартып алышпасын деп, атайын ошол жакка киргизип жатат”, – деди Азиза Абдирасулова.
Булак: NazarNews.kg