www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британияда өткөн 65-эл аралык математикалык олимпиадада алтын, күмүш медаль жеңген окуучулар 23-июлдун таңында Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу билим берүү министрлигинен маалымдашты.

Балдарды “Манас” аба майданынан Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева баштаган министрликтин жетекчилиги, ата-энелери жана журналисттер тосуп алышты. Окуучулар аталган олимпиадада 1 алтын жана 3 күмүш медаль жеңип, биринчи жолу командалык эсепте 122 упай топтоп, 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээледи. Кыргызстан курамасынын Олимпиадага баруусуна каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

Последние новости