www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадрды кантип даярдап жатасыңар, бул боюнча президенттин администрациясында кайсы бөлүм иштейт? Мындай мындай суроону депутат Искендер Матраимов бүгүн, 28-апрелде ЖКнын "Ата-Журт Кыргызстан" жана "Мекенчил" фракцияларынын биргелешкен жыйынында сурады.

"Кадрлар билимдүү-илимдүү болсо президент баштаган реформалар алдыга жылат. Бүгүн Кыргызстанда кадр саясаты кандай тартипте жүрүп, ким көзөмөлдөп жатат, эмне үчүн кадр саясаты начарлап кетүүдө? Ротация акимге чейин жасалса жакшы болмок, андан ылдыйга түшүп кеттик. Кээ бир министрлердин орун басарлары бир-эки ай иштеп кетип калууда", — деди Матраимов.

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров кадр тандоодо илгеркидей эле регионалдык баланс, айымдар көп болсо экен деген саясатка таянып жатышканын айтты.

"Мен да, президент да министрге "бир орун басарыңды жумуштан ал же департаментке муну дайында" деп айтпайбыз. Мурда жамааттык түрдө жооп беришчү эле, азыр жеке жоопкерчилик киргизгенбиз. Өзүнүн иштөө принцибине жараша кадрларын дайындап жатышат. Кимдер жетишпесе аялдамада калып кетүүдө. Көбүн оңдогонго аракет кылып жатабыз, сөгүш жарыялап, дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берип, дароо эле балта менен чаап салып "сен кет" деген жерибиз жок. Жарым жыл, бир жыл карап жатабыз. Президентибиз да чыдамкай киши экен, такыр болбой калганда гана кетирип жатабыз. Ош облусунун башчысына да жарым жыл мурда текшерүүлөр жүрүп жаткан. Аягында далилденип чыккандан кийин алмаштырдык", — деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости