www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Матраимов Ошко жаңы аэропорт курууну сунуштады

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйында депутат Искендер Матраимов Ош шаарында жаңы аэропорт салууну сунуштады.

Матраимовдун айтымында, ал бул маселе боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылган.

«Бүгүнкү күнү «Ош эл аралык аэрпорту» учактардын агымын көтөрө албай жатат. Төрт-беш жылдан бери Ошко аэропорт куруу боюнча маселени көтөрүп жүрөм. 500 гектар кайракы жер бар», — деди ал.

Ал белгилегендей, аэропортту инвесторго курдуруп, аны 25-30 жылга аларга иштеткенге берүүгө болот.

«Ал жер хаб болуп калабы деп ойлоп жатам. Инвесторду табууга болот. Аэропортту кургандан кийин, аны аларга 25-30 жылга берсе болот», — деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости