www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таиландда баңгизат колдонгондугу үчүн кызматынан алынган полициянын мурдагы сержанты жарандарга карата ок чыгарган. Окуя Нонгбуалампху провинциясындагы бала бакчада орун алып, 36 адам көз жумган, деп билдирет Thai PBS каналы.

Мурадараак 32 адамдын каза болгону маалымдалган. Алардын 24ү балдар.

Белгиленгендей, полиция кызматкерлери ок чыгарган адамга таандык унааны анын үйүнөн табышкан. Алар имаратты курчап, ал адам менен сүйлөшүү аракетин көрүшкөн, бирок эч кандай жооп болгон эмес.

Полиция кызматкерлери кылмышкер башка унаа менен, же жөө качып кеткендигин божомолдоп, бирок, бираз убакыттан кийин үйүнө киришкен. Ал жерден сержанттын, анын аялынын жана баласынын октон жаракат алган сөөгүн табышкан.

Телеканалдын маалыматына ылайык, ошол эле жерден тапанча табылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости