www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-сентябрдан 6-октябрга чейинки аралыкта эч кандай чыр катталган эмес.

"Кыргыз-тажик тарап Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын жолугушуусунун протоколун ишке ашыруу боюнча чараларды көрүп жатышат", - деп айтылат маалыматта.

КР УКМКнын Чек ара кызматы тиешелүү мамлекеттик орган кызматкерлери менен биргеликте чек ара чырына жол бербөө максатында иш алып баруунун улантууда.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости