www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрт министр бир күндө алмашылды. Андан көп өтпөй спикер өз каалоосу менен кызматтан кетти. Кээ бир кеткендер коррупциядан күнөөлөнсө, айрымдары тууралуу – башында эле ушундай сүйлөшүлгөн деп айтылууда. Акыркы мезгилде жетекчилер ылдам алмашылып жатканына көнүп да баратабыз, аны – партиялар атынан депутат болгондор баштаган.

Башында мындай көрүнүш реформа деп кабыл алынган – эгер кимдир бирөө ишин алып кете албаса же туура эмес аракетке барса, аны ылдамыраак алмаштырыш керек. Бирок ишке көнүп, эмне кылууну түшүнүү үчүн кээде бир-эки жыл да жетишсиз. Ошол эле учурда, бакиевчилер кайтып келе баштады деген күнөөгө далилдер көбөйүүдө.

Аны менен катар – министрдин деңгээлиндеги адамдар коррупцияга малынганы же эң жогорку кызматка адамдар убактылуу келип жатканы мамлекеттүүлүктү күчөтпөйт ко. Министр акчага сатылса же спикер убактылуу болсо, башкалардан эмнени күтүш керек? Жогорку кызматтагылар дагы, алардын ордун талашкандар да – баары өз ордунда эмес болуп чыгууда...

Последние новости