www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын эми  юрист Оксана Жданованын ордуна Канатбек Азиз  коргойт. Буга чейин Азиз Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басарлыгы кызматында иштеген.

Саясий илимдердин доктору эмне үчүн белгилүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн 24.kg, Kloop, «Азаттык» жана Али Токтакуновго каршы берилген арыздын негизиндеги  сотто алардын кызыкчылыгын эмне үчүн коргоону чечкендигин жергиликтүү маалымат булактарынын бирине айтып берди.

Анын бул жараянга катышуусу социалдык тармактарда сынга кабылды

Канатбек Азизидин айтымында ал журналисттик иликтөөдө айтылган аткезчилик схемасына Матраимовдордун тиешеси жоктугу тууралуу далилдерди көргөндөн соң алардын коргоочусу болууну чечкен.

Ошондой эле Азиз Матраимовдор укук коргоо органдарына өткөрүп берген документтер менен тааныш экендигин кошумчалады.

“Ошондон соң гана коомдун пикирине каршы барууга макул болдум. Юрист катары мен чындык Райымбек Матраимов жана анын жакындары тарапта экендигин  көрдүм. Сотто биз аны далилдейбиз”,- деп билдирди юрист.

Канатбек Азиз дайыма адилеттүүлүк тарапталыгын белгилеп өттү.  Ошондой эле ал анын коргоосундагылар миллиондогон доо коюлган бул  маселени тынчтык жолу менен чечүүгө даярдыгын билдирди.

Азиздин айтымында Матраимовдор аталган басылмаларды банкротко кептөөнү көздөбөйт.

Жоопкер тарап далилдери бар болсо жана аларды тартуулашса, анда албетте, арыз дароо кайтарылып алынат. Эгерде андай болбосо, анда биз төгүндөөнү талап кылабыз. Доогер тарап ММКы менен бир пикирге келүү жолдорун издөөгө даяр”,- деп айткан юрист.

“Социалдык тармактардагы сындарга философиялык көз караш менен карайм. Мен мындай массалык чабуулдун максаты Матраимовдордун үй-бүлөсү эмес экендигин билем.

 Мүмкүн үчүнчү күчтөрдүн катышуусу менен геосаясий оюндар болуп жаткандыр.  Бул теманы Алмазбек Атамбаев баштагандыгы аз эле кишинин эсинде болсо керек. Бирок мага жарандык коомдун айрым өкүлдөрүнүн позициясы таң калычтуу.

Эмне үчүн ушундай тандалма мамиле? Ошол эле Атамбаев менен Хабибуло Абдукадыр менен кучакташып түшкөн социалдык тармактардагы сүрөттөрүн унутуп коюшту. Анын тарапташтары бул фотошоп экендигин билдиришкени менен эч кандай далил көрсөтүшкөн жок. Кийин баары унчукпай калышты. Бул тандалма мамиле”,-деп кошумчалаган Канатбек Азиз.

Эскерете кетсек, Канатбек Азиз Өмүрбек Текебаевдин адвокаты болгон.

Булак:Nazarnews.kg

Последние новости