www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
23-24-октябрда камалган саясатчы, активисттердин иштери каралып жатат. Эл күдүк ойдо... Бүгүнкү сот, прокурорлордун иштерине кандай ойдосуң?
-- Сотторду, орган кызматкерлеринин баарын жоопко тартыш керек. Өткөндө Садыр Жапаровду камаган сот Свердлов райондук сотуна сот болуп отуруптур. Бул эмне деген акмакчылык?! Мына, президентти мурда соттогон адам бүгүн дале иш алып барып жатат. Бул сотту кызматтан эле бошотпой, камаш керек эле. Азыркы сотторду, прокурорлорду камаш керек.
Себеби, “мыйзамсыз буйрук” деген бар. Мыйзамсыз буйрукту берген адамды дагы, аткарганын да жазалоо зарыл. Туура эмес чечим чыгарган сот, прокурорлордун баарын коомчулукка алып чыгып туруп ашкерелебесек, мындай абал токтобой, туңгуюк айлампада кайра-кайра эле айлана беребиз.
Ошол айлампаны ишке ашырып жаткан сот, прокурорлордун алган айлыгы коррупцияга айланат дагы, келген бийликтин “тилин таап” эле өз иштерин жасап келе жатат. Биринчи ошолорду жоопко тартууну биз көтөрүп чыгабыз.
Булак: Азия News гезити