www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров өз калоосу менен кызматтан кетүү арызын жазды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

"Бул менин жеке чечимим. Мени эч ким кызматтан кет деген жок. Арыз жаз деп мажбурлаган жок. Буга чейин иштешкен бардык кесиптештерге, Свердлов районунун элине ыраазычылык билдирем. Колдон келишинче элге, мамлекетке пайда болсун деген аракетте иштеп келдим. Бул кыска убакыт аралыгында бири-бирибизди түшүнүп, жакшы иштедик деп ойлойм. Буга чейин кылган кызматыма ыраазы болуңуздар. Баарыңыздарга рахмат!", - деди Бекназаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости