www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнү банкрот мамлекетке айлантып, жарандарын келечегинен ажыратты. Мындай пикирин бүгүн, 14-ноябрда Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин өзүнүн Telegram каналында билдирди.
«Бүгүнкү күндө Киев өз кирешесинин жарымынан көбүн – 57,9 пайызын карызды тейлөөгө жумшайт. Ошондуктан ал жаңы кредиттерди алууга аргасыз. Украина банкрот өлкө», - дейт Володин.
Ал Киевде азыр бул маселени басууга аракет кылып жатканын кошумчалады.
«Бирок маселе ачык. Зеленский Украинанын жарандарын келечегинен ажыратты, өлкөнү карыздын кулчулугуна алып келди», - деди Мамлекеттик Думанын спикери.
Анын айтымында, бул 2014-жылдын февралында Украинада болгон жана «Украинанын эгемендигинен толук ажырап калуусуна алып келген» мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасы болгон. Володин өлкөнүн бюджетинин дээрлик 40%ын тышкы насыялар жана карыздар түзгөнүн, 2023-жылы чет элдик каржылоо 58% түзөрүн айтты.
«Украина өз жарандарына чыгаша милдеттенмелерин: айлык акыларды жана жөлөкпулдарды, пенсияларды жана башка социалдык маселелерди өз алдынча камсыздай албайт. Кырдаал оорлоп баратат», - деп кошумчалады Мамлекеттик Думанын спикери.
Булак: NazarNews.kg