www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

MCN Coin "криптавалютасын" түзүүгө шектелген Исрадин Субанбеков менен дагы бир киши камакка алынды.

Биринчи май райондук соту Субанбеков менен анын шериги М.Д.С. бөгөт чарасын тандап, тергөө аяктаганча 5-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды.

Колго түшкөндөргө Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (Финансы пирамидаларын уюштуруу) боюнча иш козголгон.

MCN Coin уюштуруучуларынын бири Исрадин Субанбеков кармалгандан кийин мунун баары алдамчылык экенин, элден алынган акчаны кайтарып бере албай турганын билдирген. Анын айтымында, МСN Coin криптовалютасынын иштегенине 1,5 жыл болгон. Өзүнүн туруктуу блокчейни жок, эптеп эле биржага кирип кеткен.

Ал ошондой эле криптовалютаны үч адам түзүп, Финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын мурунку жетекчиси Юруслан Тойчубеков аларга кеп-кеңешин берип тургандыгын билдирген.

Ал эми Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы MCN Coin виртуалдык активи мамлекеттик каттоодон өткөн эместигин, Кыргызстанда уруксат берилген виртуалдык активдердин реестринде да жок экенин белгилеген.

Последние новости