www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп Украина боюнча Путин менен сүйлөштү

АКШ президенти Дональд Трамп россиялык кесиптеши Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтты. Бул тууралуу New York Post гезити жазды.

Маалыматка ылайык, Трамп Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүгө аракет кылган. Гезит америкалык президенттин жума күнү Air Force One бортунда курган маегине таянганы айтылды.

Бирок ал Путин менен канча жолу байланышканы тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартты.

"Буга үн катпай эле койгонум оң", — деп жооп берген Трамп.

РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков эки лидердин сүйлөшүүсү тууралуу Кремль кийинчерээк айтарын кабарлады.

Последние новости