www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Бишкек ШИИБден билдиришти
Маалыматка караганда, 8-февраль күнү кечинде 1995-жылы туулган П.А. мас абалында «Хендай Соната» үлгүсүндөгү унаасынын рулуна отурган. Болжол менен саат 22:20 чамасында Манас-Көкчетав көчөлөрүнүн кесилишинде жолдун боюна токтоп турган «Хендай Портерди» сүзүп алган. Бул учурда аталган унаага 1975-жылы туулган К.Т. жүк жүктөп жаткан. Ал эки унаанын ортосунда кысылып калып каза болгон. Ал эми «Портердин» айдоочусу — 1989-жылы туулган Э.Н. жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Жол кырсыгына күнөөлүү адам окуя болгон жерден качып кеткен. Милиция аны Бишкек шаарындагы парктардын биринен эс-учун жоготкон абалда тапкан. Ал өз жанын кыюуга аракет кылып, тамырларын кескен. Айдоочу ооруканага жеткирилген, бирок жарааттары анча оор эмес болгондуктан ооруканага жаткырылган эмес.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 4-бөлүмү («Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана эксплуатациясынын коопсуздук эрежелерин бузуу») боюнча катталды. Тергөө амалдары жүрүп жатат.