www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адахан Кимсанбаевичтин бул жерде мен эле акылдуумун дегени өкүндүрбөй койбойт. Мындай пикирин депутат Медер Алиев бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутаттар Исхак Масалиев менен Адахан Мадумаров жеке адамдардын мүлкүнө мунапыс берүү боюнча мыйзам долбооруна добуш берүүгө бөгөт коюшту. Долбоор капиталды легалдаштырууну камтыйт, анын ичинде мыйзамсыз алынгандарды дагы.
Депутат Адахан Мадумаровдун мыйзамдарды кабыл алууга добуш берүү учурунда: "Эмне деген мыйзамдарды кабыл алуудабыз? Эмне болгон өзгөртүүлөр кирип жатат? Демилгечи тарабынан ким айтып берет? Жок дегенде комитеттин корутундусун окутуп койбойсуңарбы. Ушул мыйзамга, мындай өзгөртүүлөр кирип жатат деп. Мына депутаттардын баары бири-бирибизден сурап жатабыз. Кайсы мыйзамга добуш берип жатабыз деп. Ай койчу, эми кете берсин деп добуш кетип бара жатат. Биз мыйзам кабыл алууну оюнчукка айландырып алдык. Ал мыйзамдардын аркасында миңдеген, миллиондогон адамдардын тагдыры жатат. Жок дегенде бир-эки суроо берип койбойлубу. Комитеттин төрагасы эки мүнөттүк баяндама жасап койбойбу", - деген пикирине депутат Медер Алиев жооп берди.
"Өткөндө социалдык тармактарды карап отурсам, бир активдүү колдонуучу жазыптыр: "Негизи циркке барсаң акча төлөп киресиң. Жогорку Кеңештин айрым депутаттарына да акча бериш керек, шоу кылып жатканына", - деп. Мен юрист болгондугума байланыштуу жакшы түшүнөм да. Адахан Кимсанбаевич, сиз баарын билип туруп эмнеге шоу кылып жатасыз? Регламентте норма ушундай. Буга чейин комитеттин жыйынында каралат, талкууланат, өтөт. Негизи ушу регламентте туура эмес болуп калган чынында. Билбей каласың кайсы мыйзамга добуш берип жатканыңды. А бирок, Адахан Кимсанбаевич ушуну билип туруп, элге жагынайын деп, бул жерде жалаң акылсыздар отурат, жалгыз мен акылдуумун дегени өкүндүрбөй койбойт. Сиз эми, муну беш колуңуздай билесиз, айланып кетейин, уят да эми!
Жаңы регламентте ушул норманы киргиздик. Мыйзамдар талкуу болгондон кийин, мээ "свежий" болуп турганда добуш берели деп. Ал эми эски регламент менен сиз качантан бери добуш берип жатасыз, билип туруп эмнеге сиз артист болуп жатасыз? Мен ушул убакка чейин чыдадым, юридикалык жактан унчукпадым. Эми популизмдин да чеги болуш керек да", - деди Медер Алиев.
Булак: NazarNews.kg