www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында камактагы оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбековду шайлоого катыштыруу талабы менен акция өткөрүштү. Акциянын катышуучулары БШК талапкердин үгүт ишин жүргүзүү укугун коргобой жатканын айтып, Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованын отставкасын талап кылышты. Равшан Жээнбеков талапкер катары катталды, бирок үгүт иштерин жүргүзүүгө, дебаттарга катышууга тыюу салынууда. Талапкердин укугу тууралуу Медербек Саидовго суроо узаттык.

-- Равшан Жээнбеков бул бийликке оппозиция боло турган, демократиялык багытты көздөгөн күчтүү саясатчы. Албетте, анын эл менен жолугушуусуна жана үгүт иштеринин жүрүшүнө тыюу салуу менен анын конституциялык укуктарын бузуп жатат. Равшан Жээнбековду талапкер катары каттагандан кийин башка талапкерлер сыяктуу эле бирдей шарттарды түзүп бериши керек эле деп ойлойм.

Булак: Азия News гезити

Последние новости