www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын айрым бала бакчаларында балдарга орус тилинде мультфильм көрсөтүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысына билим берүү тармагынын кызматкери билдирди. 

Лебап облусундагы 2-3 бала бакчада балдарга орусча мультфильмдерди көрсөткөн тарбиячылар иштен алынды.

Билим берүү тармагынын кызматкеринин айтымында, жакында ашхабаддык инспекторлор облустардагы бала бакчаларда текшерүү жүргүзүшкөн.

“Инспекторлор тарбиялануучуларды балдарга орусча мультфильм көрсөткөнү үчүн сындашып, жумуштан бошотушкан. Бөлүм башчыларга сөгүш жарыяланган”, - деди өз булак.

Мындан тышкары бала бакчалардын тарбиялануучуларына жана 1-4-класстардын окуучуларына Түркмөнстанды чагылдырган, анын ичинде ахалтекин аттарынын сүрөттөрү бар альбом, дептерлерди гана колдонууга ташшырма берилди.

2020-жылы сентябрда Түркмөнстан боюнча орусча окуткан класстардын көбү жабылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости