www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоодон кийин жарык өчүрүлө баштайбы?

Өлкөдө ЖК шайлоосунан кийин электр энергиясына кескин чектөөлөр киргизилип же өчүрүлбөйт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин электр энергиядагы мамлекеттик саясат башкармалыгынын жетекчиси Айбек Айдаралиев билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигининин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Агросектор тармагында электр жарыгы өчүрүлөбү?" деген тегерек столдо сөз сүйлөдү.

Буга чейин Агро-өнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Рустамжан Балтабаев ишкерлер арасында 28-ноябрдан кийин, башкача айтканда, парламенттик шайлоодон соң электр энергиясы жапырт өчүрүлөт деген кооптонуулар айтылып жатканын билдирген.

Айдаралиев электр энергиясына эч кандай чектөөлөр киргизилбей турганын жана өчүрүлбөстүгүнө ишендирди.

"Кооптонууга негиз жок. Шайлоо учурунда айрым талапкерлер жана партиялар упай топтоо үчүн айтып жатышат. Эртең жымжырттык күнү, бүрсүгүнү добуш берүү күнү. Дүйшөмбү күнү эч кандай чектөөлөр болбой турганын өзүңүздөр деле көрөсүздөр. Биз күн-түн иштеп жатабыз, өзүбүздүн пландарыбыз, көрө турчу чараларыбыз бар", — деди министрликтин өкүлү.

Ал кийинки жылы Кыргызстанда электр энергиясы өндүрүү көбөйтүлөрүн кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости