www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Момбеков БШКнын чечимине каршы сотко арыз тапшырды

Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Социал-демократтар" партиясынан талапкер болгон Рыскелди Момбеков шайлоодон четтетилгенине байланыштуу сотко арыз тапшырды. Бул тууралуу ал, бүгүн 26-ноябрда видео кайрылуусунда айткан. Мурдараак Момбековду Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоодон четтеткен. Буга анын диплому жасалма экени тууралуу маалымат негиз болгон. Саясатчы бийликти сындап келаткандыктан кысымга кабылганын жана конституциялык укугу бузулганын айтып чыккан.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Момбеков 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүткөнү тууралуу жасалма диплом алганы боюнча БШКга маалымат берген. Аталган университеттин адистери да ага диплом берилгени тууралуу архивдик материалдарда документтер жоктугун билдиришкен.

Саясатчынын өзү муну кескин четке кагып келет.

2021-жылы кабыл алынган жаңы Шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жогорку билимдүү болушу керек. "Ата Мекен" партиясы аталган норма адамдын конституциялык укугун чектейт деп Конституциялык сотко кайрылган.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости