www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түп районунда жаңы административдик сот имаратынын курулушуна мезгил кутусу салынды.
19-августта Ысык-Көл облусунун Түп районунда жаңы административдик сот имаратынын пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи өттү.

Иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, Сот департаментинин өкүлдөрү, Ысык-Көл облустук жана Түп райондук сотторунун жетекчилери, судьялар, сот тутумунун кызматкерлери жана башка тиешелүү органдардын өкүлдөрү катышты.

Медербек Сатыев сот тутумунун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана соттор үчүн заманбап шарттарды түзүү маанилүү экенин белгиледи.
Анын айтымында, мыйзамдык реформалар жана кесипкөй кадрлар менен катар заманбап инфраструктура да сот бийлигинин натыйжалуу иштөөсүнө өбөлгө түзөт.

Жаңы имарат судьялар менен сот аппаратынын кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

«Бүгүнкү капсула салуу – сот тутумунун келечегине багытталган маанилүү кадам. Бул жаңы имараттын пайдубалы гана эмес, жарандардын укуктарын коргоого, мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууга жана сот адилеттигинин сапатын жогорулатууга багытталган иштердин дагы бир этабы», – деди Медербек Сатыев.

Өз кезегинде Бакытбек Жетигенов жаңы сот имаратынын курулушу аймактын укуктук инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана жарандар үчүн сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Иш-чаранын соңунда жаңы административдик имараттын пайдубалына мезгил кутусу салынды.

Последние новости