www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үнөмдөөнүн бир жолу - бул ысырапкерчиликти, той-аштарды убактылуу токтото туруу, чыгымдарды кыскартуу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Миграция кеңешинин Катчылыгынын жетекчиси Медербек Ысманалиев билдирди.

«Бир үй-бүлөнүн масштабында алып карайлы: үй-бүлөнүн үстүндө үйү жок, кийимдери начар, жакшы билим алышпайт, маданият жана спорт менен иши жок. Акча жок эмес, бар, чет өлкөдө иштеген балдары ай сайын салышат. Бирок ал акчаны үнөмдөбөй кафеден тамактанышат, таксиде жүрүшөт, шеринелерге барышат.

Эми мамлекеттин масштабында алалы. Мамлекет жакыр, алсыз, билим берүү менен маданиятка бюджеттен арткан акчаны беришет, кошуналары тоготпой жемелешет. Акча бар. Бажыдан, салыктан, Кумтөрдөн түшөт. Ошолордун баарын бириктиргенде да ашып түшкөн 2,5 млрд $ ды мекендештер жөнөтүшөт. Ал акчаны мамлекет чиновниктердин армиясына жумшайт, эл бири-бирине эрегишип, курнамыстыкка алдырып, кредит алып, чет жактагы балдарын кыйнап той-аштарды өткөрөт, келген кредит-гранттардын көзөмөлү жок, кен байлыктары каалагандай ташып кетишет.

Эки масштабда дагы баюуга бардык негиздер бар, бирок байыбайбыз. Эмнеге? Себеби үнөмдөбөйбүз. Баарын төгүп - чачып бир жеп алабыз. Үнөмдөөнүн бир жолу - бул ысырапкерчиликти, той-аштарды убактылуу токтото туруу, чыгымдарды кыскартуу.

Мамлекетте качан тартип болот? Качан гана бийликтин ээси болгон элдин аң-сезими жогору болгондо. Анда ошол ысырапкерчиликке кетип аткан акчага шуба кийбей, кортеж менен, 400-600 адам чакырып той бербей, кыскарта туруп, акчаны илим-билимге, маданиятка, спортко жумшасак болбойбу? Кара кекиртекке, ашказанга эмес, мээге инвестиция жасап, руханий азык топтогонго аракет кылбайлыбы?

30 жыл каалагандай жашадык, тайраңдап, сырттан таңууланган нерселердин баарын жасадык. Жетишет го! Келиңиздер, 5 жыл мыйзам менен жашап көрбөйлүбү? Кендирди кесип аткан чыгымдарды азайтууга баралы. Өнүгүп кеткенден кийин кайра каалагандай жашай беребиз», - деп белгиледи Ысманалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости