www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы коомдогу кырдаал боюнча Медербек Ысманалиев орчундуу пикирин билдирди. Анын тексти төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

"Акыркы мезгилде "биригели, бир муштум болуп түйүлөлү" деген чакырыктар көп болууда.

Туугандар, биригүүнүн максаты эмне? "Элди жыргатабыз, кыйратабыз" деген сөздөр өтпөйт, аларды айта беришип, ашмалтайы чыкты, эч ким ишенбейт. Мени ойлондурган 2 маселе бар:

1. "Биримдик, ынтымак, достук, жардам, колдоо" жана башка сөздөрдү куру эле, аракет менен бышыктабай айта берип "максат, ниет, реформа, Курултай" сыяктуу сөздөрдөй маанисин кетирип албайбызбы?

2. Биз - мамлекет жана коом дагы деле максимализмден алыс кете албай жатабыз.

Дароо эле баарын бириктире калып, чоң - чоң иштерди жасап жиберсек... Андай болушу кыйын. Болушу мүмкүн, азыркы кээ бир партияларга окшоп 1-2 айда түзүлө калып... Бирок алардын максаты кандай? Элге, мамлекетке канчалык күйөт? "Өтө кызыл бат оңот" дегендей, ошончолук тез түзүлгөн уюмдун канчалык пайдасы болот? Аны жашоодо көрүп атабыз.

Ошол себептен суроо: мүмкүн, биринчи кезекте өзүбүздүн айылыбыздын, ошонун ичинде классташтарды-досторду уюштуруп, баштарын бириктирээрбиз? Жана ошол уюмга бирөөлөр, жок дегенде колу-кошуна, айылдаштар ишене тургандай эмгек жасап көрөбүз? Кийинки кадам - ошол айылдык коомдорду райондук деңгээлде бириктирип дегендей...

Айылдан борборго, ылдыйдан жогору карай, революциялык эмес, эволюциялык жол менен өсүүгө аракет кылсак кандай болот?  Кимде ушул боюнча тажрыйба бар? Келиңиздер, пикирлешели", - деп сөзүн аяктаган Ысманалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости