www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте көз карандысыз журналист, медиаэксперт Сыягүл Карамандын «көшөгө артында» калгандарды ачыктаган «За кадром: совершенно несекретно» аттуу китеби сатыла баштады. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине китептин автору Сыягүл Караман билидрди.

«Бул басылмада эгемендүү Кыргызстандын тарыхынын бир үзүмү, айрым окуялары чагылдырылган. Китеп даректүү фактыларга таянып жазылган. «Кыргызпатенттен» алынган автордук укук күбөлүгүндө «интервьюлар, аңгемелер жана очерктер жыйнагы» деп аталат.

Бул китепке Кыргызстандын 2004-жылдан 2021-жылга чейинки убакытты камтыган замандаштардын портреттери, сценарийлер, маектер, баяндамалар, макалалар кирген.  Анда өз доорунун жаркыраган жаркын көрүнүштөрү менен катар жардылыгы да, жалтылдагы менен кошо кейиштүү жагдайлары да кагазга түшүрүлгөн. Автор кадр сыртында эмне калганын баяндап берген.

Бул убакыттын ичинде саясий турмуш өзгөрдү. Эски жашоо жок жана кайталанбайт. Ага өз баасын тарыхчылар, саясат таануучулар берсин», - деп билдирди Сыягүл Караман.

Белгилей кетсек, бул китепте анын журналисттик ишмердүүлүгүндөгү эпизоддор бар: Орусиянын президенти Владимир Путин, Кыргыз Республикасынын биринчи президенти Аскар Акаев жана заманыбыздын белгилүү инсандары менен болгон маектери камтылган. «За кадром...» басылмасында президенттер Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков тууралуу биографиялык тасмалар кантип тартылганы да кеңири айтылат.

Ошондой эле, китептердин бир партиясы китепканаларга тапшырылууда, дагы бир партиясы АКШга кеткен, Орусияга да жөнөтүлгөнү турат.

Ал эми аталган китепти «Раритет», «Эрудит» жана «Нуска» китеп дүкөндөрүнөн заказ кылса же сатып алса болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости