www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак үйдүн маалымат катчысы Стефани Гришэм АКШ президенти Дональд Трамптын ден соолугу тууралуу айтылган негизсиз сөздөрдү токтотууга чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты.

Былтыр Трамптын салмагы 110,22 килограмм, бою 192 сантиметр, кан басымы 118/80, ал эми тамыры мүнөтүнө 70 жолу согору белгилүү болгон.

"Трампты медиктер кыска убакытта карап чыгышты. Мурдагыдай эле дени-карды соо, алдуу-күчтүү экенин, оорубагандыгын анын миңдеген америкалыктардын алдында аптасына бир нече ирет чыгып жакшынакай эле сүйлөп жүргөнү көрсөтүп турат",  деп билдирген маалымат катчы айым Гришэм.

Кошмо Штаттардын Президенти

Дональд Дж.Трамп америкалык ийгилик тарыхын даана чагылдырып турат. Ал өмүр бою бизнес менен ишкердикти мыкты жүргүзүүнүн стандарттарын айрыкча өзүнө жакын кыймылсыз мүлк, спорт индустриясы жана көңүл ачуу тармактарында үзгүлтүксүз орнотуп келе жатат. Андан тышкары, анын саясий аренага жана мамлекеттик кызматка кириши укмуштуудай болду, президенттик кызматка биринчи жолу талапкердигин койгондо эле жеңишке жетишти. Бизнестин Уортон мектебин бүткөн соң Трамп мырза атасынын жолун жолдоп, куруучулукка кирди жана Нью-Йорктогу турак жайларды куруу ишине аралашты. Трамптын өздүк автографы Манхэттендеги, андан соң бүт дүйнөдөгү эң мыкты обьектилердин синоними болуп калды. Ийгиликтүу жазуучу катары Трамп мырза 14 төн ашуун бестселлер китептерди жазып чыгарды, алардын ичинде «Бутүмгө келишүү искусствосу» деген эң биринчи китеби «Жылдын китеби» аттуу номинациянын жеңүүчүсү деп аталган жана таанымал бизнес классика болуп калган. Бул тууралуу маалыматты АКШ элчилиги жазып чыккан.

2015-жылдын 16-июнунда Трамп мырза өз талапкердигин көрсөтүү тууралуу билдирген жана Республикачыл партиядан чыккан 17 талапкер президенттик кампаниясын токтотуу тууралуу чечим кабыл алган соң, 2016-жылдын июлунда Республикачыл партиядан Кошмо Штаттардын Президенттик кызматына талапкерликке көрсөтүлгөн. 2016-жылдын 8-ноябрында Трамп президенттик шайлоодо акыркы 28 жыл аралыгында республикачылардын ичинен биринчи жолу шайлоочулар Коллегиясынын эң көп колдоосун алуу менен ишенимдуу түрдө жеңип чыккан. Трамп өлкөнүн 2600дөн ашуун округунда жеңип чыккан, бул Президент Рейгандын 1984-жылкы жеңишинен кийинки эң бийик көрсөткүч болуп калды. Мындан тышкары ал шайлоочулардын 62 миллиондон ашуун добушун алды, бул Республикачыл партиядан талапкерлердин номинациясында тарыхта биринчи жолку эң жакшы натыйжа болду жана ошондой эле 306 шайлоочунун (выборщик) колдоосуна ээ болду, бул дагы 1988-жылы Джордж Буштун жеңишинен кийинки республикачылардын мыкты жетишкендиги. Трамптын биздин өлкөнү модернизациялоо жана статус-квону өзгөртүү тууралуу слоганы миллиондогон америкалыктарды биримдикке чыңдады жана бул дагы нагыз бүткул элдик жеңиш, тарыхый момент болуп калды.

Дональд Дж. Трамп республикачылар тарыхында жеңишке жетишүудөн кыйынчылык тарткан жерлерде – Флинт, Мичиган, борбордук Кливленддин чартердик мектептеринде, Флоридадагы испан тилдүү чиркөөлөрдө агитациялык кампаниясын жүргуздү, анткени ал экономикалык укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кенейтүү тууралуу өз кабарын ар бир америкалыкка жеткиргиси келди. Миллиондогон жаңы республикачылар Трамп мырзага гүлдөп өнүгүүгө, пайдалуу макулдашууларды жасоого умтулгандыгы учүн добуштарын берүу менен ишеним көрсөткөндүгүн билдиришти да, бул жыйынтыгында республикачыларды жаңы участоктордо ишенимдүу жеңишке алып келди. Президент Трамптын жеңиши америкалык коомдун бардык катмарларын бириктиргендиги айкын көрунүп турат, ал эми Трамп мырза өз кезегинде кызматка киришкен биринчи кундөн баштап эле улуттун жыргалчылыгына багытталган натыйжаларга жетишүугө даяр.

Президент Трамп аялы Меланья менен никелешкенине 12 жыл болду, экөөнүн ортосунда Бэррон деген уулу бар. Андан башка Трамптын бойго жеткен 4 баласы – кичине Дональд, Иванка, Эрик жана Тиффани, 8 небереси бар.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости