www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Стамбулда атылган жеке ишкер Айеркен Саймаити Кыргызстанда издөөдө жүргөндүгү тууралуу маалымат бардыгында эле бар. Ага карабай Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Эркин Сопоков аны менен тыгыз мамиледе болуп келген экен. Аны социалдык тармактарда жарыяланган сүрөттөрдөн көрүп, билип бүттүк. Элестеттиңерби? Кыргызстандын чет өлкөдөгү расмий өкүлү издөөдө жүргөн адам менен тыгыз кызматташууда болгондугун.
Анан калса айрым такталбаган маалыматтар боюнча Айеркен Саймаити Фейсбук социалдык тармагында Семет Эркин аттуу аккаунт менен колдончу экен. Ал баракчага кирсек, Саймаити Кыргызстандын толгон-токой саясатчылары менен “дос” (в друзьях) экендиги маалым болуп отурат. Анын канчасы Саймаити өлтүрүлгөндөн кийин “достуктан” чыгып кеткендигин жалгыз бир кудай билет. Учурда анын “достугунда” депутат Чыныбай Турсунбеков, мурдагы айыл-чарба министри Нурбек Мурашев, Бишкек шаардык кеңештин депутаты, төрт өлүм менен аяктаган Чолпон-Ата шаарындагы автокырсыкка байланышы бар, Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков жүрөт. Бул жагы кандай болуп калат эми?
Баса, Семет Эркиндин "досторунун" катарында айтылуу Стамбулдагы экс-консул Эркин Сопоков дагы бар болчу. Бирок ал мындай окуя болуп кеткенден кийин "в друзьяхтан" чыгып кетүүнү туура көргөн окшойт...
Булак: NazarNews.kg