www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия Орусия менен согушууга даярданып жатат. Бул тууралуу Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев өзүнүн телеграм каналында билдирди.

Ал мындай пикирин «Россия сегодня» маалымат агенттигинин башкы редактору Маргарита Симонян Германиянын жогорку даражалуу аскер кызматкерлери Крым көпүрөсүн «Таurus» ракеталары менен соккулоо мүмкүнчүлүгүн талкуулаганын кабарлагандан кийин билдирген.

Медведев эми Германия тарап өлкөнүн канцлери Олаф Шольцтун бул сүйлөшүүгө эч кандай тиешеси жок экенин айтып, актанып баштаарын айткан. Ал тарыхта жарандык жетекчилердин ордуна аскер кызматкерлери согуштун башталышы боюнча чечим кабыл алган көптөгөн мисалдар кездешерин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости