www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун анын кыймылсыз мүлктөрү жана кайрымдуулук фонддору менен байланыштары тууралуу иликтөөсүнө биринчи жолу комментарий берди.

Орус өкмөт башчысынын айтымында, иликтөөнүн артында элди көчөгө алып чыгуу, керт баштын камын көрүү жана саясий максаттар бар. Медеведев иликтөөнү “сандырак” деп атады.

Медведев чагымдарга карабай, ишин уланта берерин айтты.

26-мартта Орусиянын бардык аймактарында, анын ичинен Москва жана Санкт-Петербургда жапырт түрдө антикоррупциялык митингдер өттү.

Орусия президенти Владимир Путин антикоррупциялык митингдерди “араб жазы” менен “Евромайданга” салыштырды.

Нааразылык акцияларын уюштурууга Коррупцияга каршы фондунун "Ал силерге Димон эмес" деген иликтөөсүнүн жарыяланышы себеп болду. Тасмада өкмөт башчы Дмитрий Медведевдин “жашыруун империясы” - кымбат баалуу мүлкү, жер аянттары, жүзүмзарлары, яхталары жөнүндө көрсөтүлгөн.

Булак: "Борбордук Азия жаңылыктары"

Последние новости