www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-апрелде саат 13:00 Ак үйдүн алдына Садыр Жапаровдун бир туугандары митинг өткөрөт. Бул тууралуу учурда камакта жаткан экс-депутаттын бир жакындары билдирди.

“Учурда бийлик Садыр Жапаровду СИЗО-1ден УКМКнын абагына которуу, бир туугандарына кысым көрсөтүүнү токтотушу керек. Буга чейин, Садыр Жапаров жаткан камерада видеокамера бар деп айтышкан. Ошол камерадагы тартылган тасмаларды ачыкка чыгарып, СИЗО-1дин жетекчилигине кылмыш иши козголсун. Мамлекет Садыр Жапаровдун алты санын аман камакка алган, эми тыкыр көзөмөлгө алсын”, - деген пикирин айтышты.

Эске сала кетсек, 25-март күнү чет жакта жүргөн Садыр Жапаровду чек арадан УКМК кызматкерлери кармап кеткенден кийин, СИЗО-1 тергөө абагына камакка алынган.

Садыр Жапаров, 2-апрель күнү моюндун күрөө тамыры жана сол колунун кан тамырлары кесилип оор абалда ооруканага түшкөн.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости