www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия өзүнүн өзөктүк куралын төрт учурда гана колдоно алат жана ал сыр деле эмес. Бул тууралуу РФ Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев франциялык LCI телеканалына маек берип жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
Теле алып баруучу ага "Орусиянын аскердик доктринасында өлкөгө коркунуч туулган учурда өзөктүк куралды колдонуу каралганбы?" деген суроо узаткан.
"Өзөктүк куралды кармоо жааатында мамлекеттик саясаттын негиздери" деген документ бар. Эгер мен жаңылбасам, 19-пунктусунда аны колдонуу үчүн төрт негиз көрсөтүлгөн. Маселен, мамлекеттүүлүккө коркунуч туудуруп өзөктүк ракетаны учуруу, өзөктүк куралды колдонуу, өзөктүк куралды көзөмөлдөгөн маанилүү инфраструктурага сокуу уруу же башка аракеттер. Азырынча мындай нерсе байкала элек", — деген Медведев.
Ал НАТОдон айырмаланып Орусия өзөктүк курал такыр колдонбогонун белгилеген. Ошондой эле Медведев Орусия миң жылдык тарыхы бар жана эң чоң өзөктүк потенциалга ээ мамлекет экенин айтып, өзүн коргой ала турганын кошумчалаган.
Булак: NazaerNews.kg