www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шамен Кокон хандыгына, Бухара эмиратына, казактарга, орустарга андан тышкары кичи Бээжинге чейин азыркыча айтканда дипломатиялык иш сапарга барып келген. Азыр мунун эмнеси бар экен дегени менен, ал заманда бул жактарга ким барып жатты эле? Казактар ал кезде чачыранды болуп турган. Кичи жүздү аймагы менен орустар басып алышкан, ал эмес алар орто жүздү да четинен каратып келе жаткан.
Орто жүздүн тежик ханы Кенехан өзүнүн чоң атасы Абайылда орнотуп кеткен хандыктан кол үзгүсү келбей орустарга каршы чыгат. Орустар ал жерлерди басып алып улам бери жыла берет. Казактын кенен талаасына батпай бараткан Кенехан улуу жүздүн жерлери менен кыргыздарга көз арта баштайт. Ошондуктан Ормонго каршы аттанып жеңилип башы кесилген.
Бир кызыгы орустарга берилип кеткен Кенесарынын башы ушул күнгө чейин казактарга берилбей келатат.Кенесары негизи орто жүздүн ханы болгон, ошондуктан Ормон менен согушта казактын улуу жүздөрү уруштан чыгып кетип калышкан. Бул иштерди жүргүзүүдө Шамендин эмгеги зор. Анын үстүндө Кенеханга жардамга келе жаткан орто жүздүн колун орустар тосуп калат. Буга да Шамен көп эмгек кылган.
Шамен Кытайга да элчиликке барган. Аңыздарда Бээжинге чейин барган деп айтылат, бирок Бээжин 3400 километр келет, анын үстүндө жол түз эмес, асман тиреген тоолор, Гоби сыяктуу чөлдөрдү басып өтүш керек. Мынча узак жол басуу мүмкүнчүлүгү бар, бирок узак убакытты алмак. Ошол үчүн Шамен Кичи Бээжинге барса керек.
Үрүмчүнү кыргыздар Кичи Бээжин деп коюшчу. Ормон мамлекет кураган соң, Шаменди эл аралык иштерге тартып, айлана-тегерегиндеги мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелерди түзүү максатында Кокон хандыгына, Бухара эмирдигине, Кытай императорунун атайын өкүлдөрү отурган Үрүмчүгө Шаменди баш кылып элчиликке жиберген.
Шамендин Кытайда болгону тууралуу маалыматтар жокко эсе. Ага караганда анын уулу Суламбынын Жети - Шаарда болгону тууралуу маалыматтар бар. Бирок Ормонхандын убагында Шамен азыркыча айтканда дипломатиялык иш сапар менен Кытайда да болгону тууралуу маалыматтар бар. Ал эми Шамендин Кытайга барганы тууралуу маалыматтар аз. Ал Бээжинге эмес, Үрүмчү, Кашкардагы кытай императорунун өкүлдөрү менен гана байланышып, дипломатиялык мамиле түзсө керек.
Кытай кыргыздарга бир гана Ормон хандын мамлекети учурунда кайрылган жок. Кытай менен мамилени кыргыздар биздин заманга чейин миң жыл мурун түзгөнү кытай санжырасында калыптыр. Андан кийин кыргыз элчилери биздин заманга чейин эки жүз жыл мурун барышып, Кытай менен дипломатиялык келишимдерди түзүшкөн.
Ал эми Улуу Кыргыз империясынын тушунда же 500-жылдан миңинчи жылга чейин Кытай менен кыргыз каганаты бирде согушуп, бирде келишим түзүп келишкен. Андан кийин калмактар талкаланган соң Шамендин бабасы Маматкул Черикчини баш кылып Кытайга дипломатиялык жол менен жиберген, бул тарыхий окуялар бары Кытай санжырасында сакталып калган.
Ормон хандык доорун сүрүп жаткан кезде жаш болсо да Шаменди Кокон, Бухара, Казак, Кытайга элчиликке маал-маалы менен жөнөтүп турган. Бир ирет Коконго барып, Кудаяр хан менен отурса, килем менен бастырып бир атчан сүзө качырып келатат дейт. Кудаяр хан лып ордунан ыргып туруп, анын атын жүгөндөн алып, таазим кылып тосуп алат.
Сураштырса ал Кокон ханындагы эң бай, Кудаяр хандын аскерин баккан адам болуп чыгат. Килем менен бастырып келип, ханды таазим кылдырган байлык экенин түшүнгөн, Шамен “Байлык - падышаны да кул кылат” - деген экен. Бүгүнкү кээ мамлекет башчыларынын мультимиллиардер болуп, байлык үчүн жан талашып жатканы, Шамендин эки кылымча мурун айткан сөздөрүн бекемдейт. Шамен элчи болгон маалда Ормон ханга арнап куржун толтура алтын, күмүш менен келчү экен. Ормон аларды көп таназар албай куржуну менен Шаменге берип койчу дешет.
Байлык жөнүндө дагы бир айтканы, негизи эле адам пейилинен табат дечү экен. Короо-короо кой, үйүр-үйүр жылкы, үй толо дүр-дүйнө болуп, бирок пейили тар болсо андан жарды адам жок. Малдын түгү жок, үрүп чыгар ити жок, сызга отурган жарды болсо, бирок пейили кенен болсо, акыйкатта мындай адам бай адам дечү экен.
Мал-жан күткөн адам, кенен пейилди кошо күтүш керек. Кээ бир адамдар болот түк күткөн сайын дагы көбөйтөм деп алектенген. Анын сарсанаасы дагы баюуда болуп, пейили тарып, сараң болуп калат. Чын-чынына келгенде, бала-чакалуу, башы өскөн адамдан ашкан бай болбойт. Ал эми өрүш толо мал түбөлүк байлык эмес, кампа толо жыйып алган көр дүйнө да. Турмушка моюн тозгон туура иш. Толсоң - бөксөрбө, чайпалсаң төгүлбө, узарсаң - кыскарба, өмүрүң текке кетпесин, сөзүң сая кетпесин. Кудайым өмүрүң менен пейилиңе береке берсин деп айтчу экен. “Дүнүйө адамды таппайт, адам дүнүйөнү табат” дечү экен.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ