www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Көмүр жегич» атка конгон экс-депутат Мээрбек Мискенбаев менен КСДПнын мүчөсү Таалай Усубалиев экөөнүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин азыркы учурдагы абалына бир аз табалары канып жаткандай түрлөрү бар экен. Албетте, көпчүлүктүн алдында аны билдиргилери келбейт, бирок экөө өзүнчө боло калганда «чала эле болду» деп калышат тура, деп жазат Беспредел KG-КР.
Көрсө, алардын таарынычынын жөнү мындай экен, Кой-Ташта түзүлгөн «Элдик» деп атап алышкан штабка экөө тең башчы болууну каалашкан. Бирок, экөөнүн үмүтүнө суу сээп Атамбаев ага өзүнүн айылдашы Кыяз Смаиловду башчы кылып коет. Анан штаб башчысы катары акча каражаттары да анын колу аркылуу өтөт. Мына ушуга эки эрендин ичтеринен «ириң» өтүп кетет. Кызылдай эле акчаларды Кыяз Смаилов санап жатса, анан кантишсин? Ошондон улам алар азыр «Атамбаев түрмөдө эле отура берсин, ага ошол жак жарашат» деп ичтеринен кымыңдап жүрүшөт дешет.
Баса, Мээрбек Мискенбаев кайда?
Булак: NazarNews.kg