www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

MEGA уюлдук операторунун болжолдуу баасы 12 млрд сомго бааланды

 "Альфа-Телеком" ( MEGA соода маркасы мурдагы MegaСom) ЖАКтын алдын ала болжолдуу баасы 12 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Жогорку Kеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында аталган ишкананын башкы директору Нурлан Мамытов билдирди.

Анын айтымында, бул акыркы баа эмес, азырынча ушундай бааланууда.

Эскерте кетсек, 2022-жылы ноябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров 2023-жылы "Альфа-Телеком" ЖАКты сатуу пландалып жатканын билдирген.

2022-жылдын декабрь айында Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтында ММБФ "Альфа-Телеком" ЖАКсынын мамлекеттик акцияларынын толук пакетине баалоочуну табуу үчүн сынак жарыялаганы кабарлаган. Эскерте кетсек MEGA "Альфа-Телеком" – Кыргызстандагы эң ири мобилдик байланыш оператору. Бүгүнкү күндө ишкананын 100% акциясы мамлекетке таандык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости