www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башкы директору Кудрет Тайчабаров өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

Кудрет Тайчабаровдун айтымында, ал эки жыл аталган кызматты аркалап чарчаган.

"Мен эки жылдан ашык убакыттан бери иштейм. Чарчадым. Мен эс алгым келет. Балким бизнес менен алектенем. Мен дагы ден соолугумду чыңдагым келет.  Бул аралыкта "3-даражадагы гипертония" деген диагноз менен эки жолу ооруканага жатып чыктым", - деди ал.

Кудрет Тайчабаров белгилегендей, азырынча аны кызматтан алуу боюнча буйрук жок.

Эске салсак, Кудрет Тайчабаров 2020-жылы Садыр Жапаровдун буйругу менен Бишкек ЭЭАнын башкы директору болуп дайындалган.

Буга чейин Кудрет Тайчабаров кызматтан алынып, анын ордуна Алмамбет Шыкмаматов келээри айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости