www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

MegaCom компаниясынын (Альфа Телеком ЖАК) мурдагы башкы директору Азат Базаркулов СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Белгиленгендей, Биринчи Май райондук сотунун 27-июндагы чечими менен УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган. Айыпталуучу Базаркулов үстүбүздөгү жылдын 9-августуна чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды.

Базаркулов КР Кылмыш-жаза кодексинин “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кармалган. Тергөө «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун жооптуу адамдары жеке компаниялар менен келишим түзүп, аларга алдын ала жеңилдетилген шарттарды даярдап, ошону менен тендерлерде жеңишти камсыз кылган деген тыянакка келген. Натыйжада ошол эле компаниялар көп учурда утуп алышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости