www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик мурдагы "Мегаком" азыркы аталышы "Меганын" («Альфа Телеком» ЖАКсын) сатыкка чыгарды. 

Эми "Меганын" 8 700 100 акциясын, 100% мамлекеттик пакетин сатуу алууну каалагандар электрондук аукционго катыша алат. 

«Альфа Телеком» ЖАК акцияларынын мамлекеттик пакетинин баштапкы баасы 14 600 000 000 (он төрт миллиард алты жүз миллион) сомду түзөт.

Электрондук аукциондун кадамы – 200 000 000 (эки жүз миллион) сом. 

Арыздарды кабыл алуу бүгүн – 2023-жылдын 4-июлунда Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө башталды. Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 2023-жылдын 2-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө бүтөт. 

"Меганын" 2 миллион 548 миң абоненти бар. Базалык станциялары - 5503 бирдикти түзөт. 

Мындан тышкары, 15891 соода түйүндөрү, аймактарда 9 аймактык филиалдар, фирмалык салондор – 12, КПО – 69 тейлөө кеңселери бар. 

2023-жылдын 1-июнуна карата кызматкерлердин орточо саны 1292 адамды түзөт. 

Менчик укугундагы жер тилкелеринин аянты (га) - 15 051,55 кв.м. Менчик укугундагы имараттардын аянты 2230,3 кв.м.

Ошентип, президент Садыр Жапаровдун өз убагында "Алтын жумуртка тууган кирешелүү ишкананы сатпаш керек" деп жүргөн сөзү суу кечпей калды. 

Дегенибиз, буга чейин "Меганы" мамлекетте калат, мындан ары өнүктүрүү жагы каралат деген убдалары дагы элдин көзүн будамалоо экени билинди. Себеби, ишкананы каалаган адам сатып алса болот. Мына жыйынтык.

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес

Булак: NazarNews.kg

Последние новости