www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили Тбилиси шаардык сотунун 2007-жылдагы митингди таратуу иши боюнча отурумуна видеобайланыш аркылуу катышты. Бул тууралуу Mtavari телеканалы билдирди.

Жыйында Саакашвили парламенттин төрагасы Шалва Папуашвилини аны ушул абалга алып келди деп айыптады.

«Көрсө, Европа парламенти мени бошотууну талап кылганы үчүн кечирим сурашы керек экен. Парламенттин спикерине айткым келет: мени ушундай абалга алып келгениңиз үчүн кечирим сурашыңыз керек. Грузия мамлекетинин негиздөөчүсү ушундай абалда болгону үчүн Европарламенттин депутаттарынан, менин үй-бүлөмдөн, менден, Украина мамлекетинен жана бардык грузиндерден кечирим сурашыңыз керек. Папуашвили, мени жакшылап кара”, - деди Саакашвили сотто.

Ал Папуашвилинин Грузиянын ичиндеги жана тышындагы саясатчыларды Саакашвилинин ден соолугуна байланыштуу туура эмес маалымат таратканы үчүн кечирим суроого чакырган жана Европарламентти анын резолюциялары, анын ичинде экс-президентке дары-дармек менен камсыз кылуу талабы үчүн жалган айтып жатат деп айыптаган билдирүүсүнө ушундай жооп кайтарды. 

Саакашвили өзүнүн физикалык абалын көрсөтүү үчүн кийимин көтөрүп, "физикалык жактан алсыз, бирок ичинде абдан күчтүү экенин" кошумчалады.

Грузияда мурдагы президентке каршы бир нече кылмыш иши козголгон, анын ичинде 2007-жылы оппозициянын митингин кууп таратуу учурундагы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана "Имеди" телекомпаниясынын кеңсесине атайын күчтөрдүн басып кириши. Кошумчалай кетсек, Саакашвилиге грузин чек арасынан мыйзамсыз өткөнү үчүн иш козголгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости