www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Япон окумуштуулары тарабынан тиштердин үчүнчү топтомун өстүрүүгө мүмкүндүк берген инновациялык дары иштелип чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окумуштуулар адамдардын жаңы тиштерин өстүрүүгө мүмкүндүк бере турган жаңы препаратты иштеп чыгууда ийгиликтерге жетишти. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, адамда тиштердин үчүнчү топтому үчүн зарыл болгон нерселердин баары бар, бирок бул процесс USAG-1 белогу тарабынан бөгөттөлөт.
Катсу Такахашинин изилдөө тобу анын функцияларын бөгөттөй алган белокту нейтралдаштыруучу антитело иштеп чыгышты. Дары чычкандарга берилип, жаңы тиштер чыгып кеткен.
"Жаңы тиштерди өстүрүү идеясы ар бир тиш доктурдун кыялы. Мен аспирантурада окуп жүргөндө бул боюнча иштегем. Мен муну ишке ашыра аларыма ишенчүмүн", - дейт Осакадагы Китано медициналык институтунун жетектөөчү илимий кызматкери Катсу Такахаши.
Учурда дары-дармекти адамдар үчүн колдонууга даярдоо иштери жүрүп жатат. Биринчиден, дары тубаса факторлордон улам чоңдордун тиштеринин толук топтому жок болгон бейтаптарга арналган. Бул "адентия" деп аталат.
Келечекте, дары кененирээк колдонууга ээ болушу мүмкүн экенин изилдөөчүлөр кошумчалашат.
Булак: NazarNews.kg