www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы бирден-бир кирешелүү ишканалардын бири болгон "MEGAны" (Мегаком) сатуу аракети көрүлүп жатат. 

Бир кезде азыркы өлкө башчысы Садыр Жапаров "Мегаком" бюджетке 5 миллиард сомго чейин киреше алып келген, өлкөдөгү бирден-бир алтын жумуртка тууган ишкана, аны сатпаш керек деп жүрчү эле, эми андагы мекенчилдик сезимден дайын жок. 

Коомчулуктун ишкананы сатпаш керек деген нааразычылыгын улам, Жапаров "сатылбайт, мамлекеттик Өнүктүрүү банкына беребиз, ошолор мындан ары өркүндөтүп иштетет" деген менен, чыныгы иш жүзүндө жагдай башкача өңүттө жүрүүдө. 

Сыягы, элдин көзүн будамайлап алдап жатышкандай таасир калтырат. Дегенибиз, кечээ, 12-апрелде Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте "Альфа Телеком" ЖАКтын (MEGA соода маркасы) акцияларынын мамлекеттик пакетин баалоону камсыз кылуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү.

Жыйында мамлекеттик оператордун баасы белгилүү болду. Бир кезде 500 миллионго бааланган ишкана, бүгүнкү күндө бул сумма эмнегедир 3 эсеге дейре төмөндөп, болгону 170 миллион 292 миң долларга бааланып жатыптыр. Сом менен алганда 

14 миллиард 590 миллион 603 миң сомду түзөт.

Эгер мамлекетке калса, эмнеге баасын төмөндөтүп, кайра эле мамлекеттик банкка сатып жатышат? Жөн гана юридикалык жактан документтерин тууралап эле, сатты кылбай өткөрүп беришпей, эмнеге соодалап жатышат? 

Күмөн жаралат бекен? Эптеп элди алдап, маалыматтык жактан манипуляция жасап "сатылбайт" деген менен жакында менчиктештирилип "жаназасы окулчудай" болуп калды...

Последние новости