www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик "Альфа Телеком" ишканасынын акциясынын 100 пайызы (Mega соода маркасы, мурунку MegaCom) электрондук аукциондо сатылганын билдирген эле. Компаниянын жаңы ээси Мамлекеттик өнүктүрүү банкы болду. Ал "Megaны" 14 миллиард 8 миллион сомго сатып алды. Андан бери бир канча күн өттү. 

Бирок мына ушул маселе коомдо дагы деле түшүнүксүз бүдөмүк суроолордун бутасына айланып, дагы деле талкууланып жаткан темалардын чордонунда турат.

Айрымдар президент Садыр Жапаров учурунда бюджетке ири киреше алып келип жаткан, күнүнө алтын жумуртка тууган ишкананы саттырбай сактап калганын айтып, мактанып жүрдү эле, эми өзү сатып салганы кандай дешип жакасын кармашып, тобоо кылып, баш чайкашууда.

Кээ бирлери болсо, ишкана сатылган жок, анын ишмердүүлүгүн жакшыртып өркүндөтүү максатында Мамлекеттик өнүктүрүү банкына сатылып, мамлекеттин карамагына калды деген жүйөөнү айтышып, туура кадам катары сыпатташууда.

Бирок ошол эле кезде, эмне үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин карамагындагы "Мега" ишканасын, ушул эле аты аталган агенттиктин карамагында турган Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алды болгон операция жүрдү деген күмөндүү суроонун жандырмагына кызыккандар да көп.

Ырасында, эмне үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик өзүнүн бир ишканасын, өзүнө тиешелүү экинчи ишканага сатып жатат. Минтип бир чөнтөгүнөн алып, экинчи чөнтөгүнө салгандан мамлекет эмне пайда тапты? Мындай махинация жыттанган көрүнүштөн кимдир бирөөлөр мамлекеттин миллиарддаган акчасын адалдап чыгарып кеткен жокпу деген шектенүү жаралат. 

Айтор, иттин өлүгү көмүлгөн сасык жыт кийин бур этпесе болду. Бизде кызарган жерди чокуп, пайда табуунун айла-амалын көргөн, эбин тапкан эки жейт болгон шылуундар көп эле, деги аягы түз болсо экен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости