www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилдин Газадагы Эль-Эхли баптист ооруканасын бомбалоосуна байланыштуу: «Мен бүткүл адамзатты тарыхта болуп көрбөгөн бул мыкаачылыкты токтотуу үчүн чара көрүүгө чакырам», - деди.

Президент Эрдоган кандуу кол салуудан кийин социалдык медиа эсебинен билдирүү бөлүштү.

Эрдогандын постунда: «Ичинде аялдар, балдар жана бейкүнөө жарандар орун алган ооруканага сокку уруу Израилдин эң негизги адамдык баалуулуктарды да сыйлабас кол салууларынын акыркы мисалы. Газада болуп жаткан жана тарыхта болбогон бул мыкаачылыкты токтотуу үчүн бүткүл адамзатты чара көрүүгө чакырам», - деп айтты.

Алгачкы эсептөөлөр боюнча, Израилдин Эль-Эхли баптист ооруканасын бомбалоосунун натыйжасында 500 адам каза болгон.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Ашраф ал-Кудра бомбалоодо 500 кишинин каза болгонун айтты.

Каза болгондордун басымдуу бөлүгүн ымыркайлар, балдар жана аялдар түзгөнү белгиленди.

Палестинанын президенти Махмуд Аббас окуядан кийин 3 күндүк аза күтүү жарыялады.

Последние новости